• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Панфилов районундагы куралчандар тууралуу билдирген адам бир нече ирет өзүнө кол салган

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Панфилов районунундагы куралчандар тууралуу билдирген адам бир нече ирет өзүнө кол салган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук ШИББ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча 1989-жылы туулган жергиликтүү тургун мурда өзүнө кол салуу аракети менен Панфилов РИИБде катталган.

“Ал учурда психиатриялык экспертизага жөнөтүлдү. Панфилов районунда 4 куралчан адам жүргөнү тууралуу анын билдирүүсү ырасталган жок. Анын үстүнө ал көрсөтмөлөрүндө жаңыла баштаган. Алгач ага талаадан кол салгандар спорттук кийимчен болушкан десе, кийин камуфляж кийип жүрүшкөн деген. Андан соң сумка тууралуу айта баштаган. Башка тургундарды суракка алууда шектүү же чоочун адамдарды байкагандар болгон эмес”, - деп түшүндүрүштү милициядан.

Эгерде билдирүү ээсинин дени сак болуп чыкса, ага жалган билдирүү үчүн айып тагылары маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий