Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Бишкекте 1нен 7-апрелге чейинки аралыкта 7 миң 139 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинде:
- мас абалында унаа башкаруу – 19;
- унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаруу – 70;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 5;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 4462;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 27;
- мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 940;
- башка эреже бузуулар – 1616;
Ал эми 489 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий