• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 6,5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 19нан 25-февралга чейинки аралыкта 6 миң 506 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалда унаа башкаруу - 67;

- терезесин караңгылатуу - 16;

- тиешелүү документи жок 110 айдоочу рулга отурган;

- башка эреже бузуулар - 6 миң 311. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 534 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий