• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында опузалап талап кылганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 3 шектүү кармалды.

"4-февраль күнү "Элдияр" аттуу бала өзүнүн эки танышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунунан опузалоо жолу менен 410 миң сом жана 2 миң долларын тартып алышканы тууралуу маалымат түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-берененин 2-бөлүгү ("Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка шектүү адамдардын өздүгү аныкталган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушкан Чолпон-Ата шаарынын 22 жаштагы Э.Э., 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун 24 жаштагы Р.А. аттуу тургундары болуп чыгышты.

Шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлдү. Алар соттун чечими менен баш коргоо чарасы тандалганга чейин Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий