• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкекте бир жумада 68 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-ноябрынан 18-ноябрга чейинки аралыкта Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 106 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 68;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 8;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 48;

- жасалма номур менен унаа башкаруу - 1;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 68;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 916. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 323 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий