• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Казакстанда өткөн СССР элинин Х спартакиадасынын чемпиону Есенкелды Батыргаринин элесине аркалган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште сегиз медаль утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 19-21-ноябрда Актобе шаарында өттү.

Алтын медалды Жеңиш Жумабеков (87 кг), Абдулазиз Аскарбеков (67 кг), Раззак Бейшекеев (63 кг), күмүш байгени Эрлан Марс уулу (67 кг), Абубакир Молдокараев (72 кг), Мухаммед Аданзов (82 кг), колону Зыпар Молдокулов менен Арсен Жекшенов (67 кг) утту.

Пикир

Оставить комментарий