• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арачылар Тажикстанга аткезчилик жүктүн өтүшүн токтотуу үчүн ок чыгарган

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунун чек арачылары 20-ноябрда аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда чек арачылар 30 жаштагы Р.С. аттуу кыргызстандык башкарып келе жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу баш ийбей унааны токтоткон эмес.

“Чек арачылар асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, аргасыздан автоунааны токтотуу максатында унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган”, - деп айтылат маалыматта.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1 миң кг ашуун таттуулар (конфет) аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтери болгон эмес. Ал жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий