• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте бир жумада 7 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 10нан 16-февралга чейинки аралыкта жол эрежесин одоно бузган 6 миң 737 учур катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен мас абалында рулга отурган 65 мас айдоочу кармалса, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 4 миң 207 айдоочуга карата протокол толтурулган.

Андан тышкары, автоунаанын терезелерин караңгылаткан 23 учур, тиешелүү документи жок унаа башкарган 72, жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузган 200 жана коопсуздук курун тагынбай койгон 1 миң 112 учур катталган. Ал эми ар кандай башка эреже бузуулардын саны - 738. Айып короосуна 614 автоунаа токтотулган.

Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий