• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 70 айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 12-марттан 18-мартка чейинки аралыкта 6 миң 653 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу – 70,

- автоунааны атайын караңгылатуу – 11,

- айдоочуга жана унаага тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 100,

- башка жол эрежелерин бузуу – 6472.

Ошондой эле 634 автоунаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий