• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды

Экономика 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы 22-мартта башталды. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумалык Кыргызстандын бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен өтүп, 28-мартка чейин уланмакчы.

Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) - бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания.

Кыргыз Республикасы бардык жаш муунга жогорку сапатта финансылык билим алууга мүмкүнчүлүк берүү, акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына жаштарды үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тартып өткөрүп келет.

Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, анын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары бардык санитардык талаптарды сактоо менен финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектептерде финансылык сабаттуулук сабактарын, университеттерде көчмө лекциялар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда экскурсиялар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагын өткөрүшөт.

Ошондой эле #GMWKyrgyzstan2021 хэштеги менен жайгаштырылган социалдык тармактарда ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий