• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 25-29-майда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Спорттук иш-чарада эркектер 13 салмакта: 46-48 кг, 48-51 кг, 51-54 кг, 54-57 кг, 57-60 кг, 60-63.5 кг, 63.5-67 кг, 67-71 кг, 71-75 кг, 75-80 кг, 80-86 кг, 86-92 кг жана 91 кг жогору, кыз-келиндер арасында 12: 45-48 кг, 48-50 кг, 50-52 кг, 52-54 кг, 54-57 кг, 57-60 кг, 60-63 кг, 63-66 кг, 66-70 кг, 70-75 кг, 75-81 кг жана 81 кг жогору салмакта күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий