• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-22-май күндөрү Амман шаарында (Иордания) өтө турган Азия лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Курама команданын мүчөлөрү:

1. Марат Ниязов, СЧ, 58 кг;

2. Акбар Айтахунов, СЧ, 80 кг;

3. Валерий Тен, улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, курама команда 17-майдан 23-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Амман шаарына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий