• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын облустук баскычы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 24-майда Жалал-Абадда “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо-сынагынын облустук баскычы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынакта Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңишке жетти. Ага Анталияга эс алып келүүгө жолдомо тапшырылды.

Мэриядан кошумчалашкандай, Абилов эми “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын республикалык баскычында Жалал-Абад облусунун намысын коргойт.

Максат Абилов 6 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Бул убакыт аралыгында анын 11 окуучусу химия сабагынан предметтик олимпиаданын шаардык баскычында алдыңкы орунду камсыз кылса, алардын ичинен экөө облустук олимпиадада байгелүү орунду камсыздаган.

Эске салсак, “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо-сынагынын шаардык баскычынын байге фондуна Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге автоунаа коюлган болчу. Кароо-сынактын шаардык баскычында дагы Максат Абилов жеңишке жетип, унаалуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий