• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абайлаңыз! ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек. 13.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 14нөн 16-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Алсак:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымы;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чак, (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман – Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чак. (Кара-Гоо ашуусу;
  • Ийри-Суу тилкеси, Суусамыр-Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон – Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий