• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Борбор Азиядагы улуттук музей жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Улуттук тарых музейинде Борбор Азиядагы улуттук музейлердин жетекчилеринин Кеңешинин III жолугушуусу өттү. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын улуттук музейлеринин жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкектеги АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчиликтеринин өкүлдөрү, ЮНЕСКО жана ИКОМдун Кыргызстандан жооптуу өкүлдөрү, Чикаго университетинин маданий мурастарды сактоо боюнча өкүлдөрү жана Кыргызстандын музейлеринин жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө Кеңештин биргелешип ишке ашыра турган долбоорлору жана кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Ушул кеңештин структурасы аныкталып, Борбор Азиянын улуттук музейлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөн, илимий жана маданий жетишкендиктерди, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудан турган негизги максаттар белгиленди.

Тимурлан Ажымалиев Кеңештин негизги максаты – Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу экенин белгилеп, музей ишин өнүктүрүү, музейлер арасындагы кызматташтыкты күчөтүү жана тажрыйба алмашууну жогору баалады.

Эске салсак, 2022-жылы Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн башкы музейлеринин жетекчилеринин жолугушуусунда Борбор Азиядагы маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу багытында кызматташтыкты түзүү тууралуу атайын резолюция кабыл алынган. Мындан кийин Борбор Азия музейлеринин Улуттук Кеңешин түзүү тууралуу юридикалык документке кол коюлуп, кызматташтык башталган.

Пикир

Оставить комментарий