• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте үч күн бою "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкекте 3 күн бою “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы Эрбол Замирбеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Алтын күз” жарманкесинде шаардыктар жана борбор калаанын коноктору айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн жеткиликтүү баада сатып ала алышат. Иш-чара 18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтында өтөт.

“Жарманкеде өлкөбүздүн кайра иштетүү өнөр жайынын алдыңкы ишканаларынын, ошондой эле облустардан келген дыйкан-фермерлердин продукциялары коюлат. Бүгүнкү күндө Агроөнөр жай долбоорун каржылоо боюнча мамлекеттик банктар тарабынан төмөн пайыздык насыялар берилүүдө. Иш-чарада ушул долбоорго катышууну каалагандар толук маалымат алса болот. Министрликке тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлери жаңы үрөндөрдү, жаңы ыкмаларды колдонууну сунушташат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Эрбол Замирбеков кошумчалагандай, айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 18-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий