• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КРдагы эл каттоонун алкагында алгачкы адамдар каттоого алынды

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-мартында түнкү саат 00:00дө “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда Кыргызстандын эл жана турак жай фондун каттоо – 2022 өнөктүгү башталды.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, каттоо маалында аэропорттордо башка өлкөгө кетип жатышкан жарандар убактылуу каттоочулар тарабынан каттоого алынды.

Чет өлкөгө чыгып жатышкан жарандар өзүнө жети суроону камтыган атайын формада каттоого алынышты.

“Манас” эл аралык аэропортунда КРнын Улуттук статистика комитети биринчи каттоого алынган респонденттерди куттуктап, белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий