• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкекте "Дүйнө легендаларын бириктирген искусство" аттуу эл аралык көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 12.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде "Дүйнө легендаларын бириктирген искусство" аттуу эл аралык көргөзмө ачылды.

Сүрөтчү Азамат Жаналиев жетектеген чыгармачыл топтун аракетинде жаратылган, аталган башат көргөзмөсүндө маданий биримдикти символдоштурган миндеген жип жана мыктардын жардамы менен аткарылган 30 портрет сунушталып, 50 өлкөнү камтыган жана стринг-арт техникасы менен аткарылган дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 365 көрүнүктүү инсандардын портреттери көрсөтүлдү.

Долбоор Кыргызстанда 30 картинаны жаратуу менен башталып, андан соң алардын бет ачары АКШда өткөрүлмөкчү.

Ар бир өлкөдө команда кийинки катышуучу өлкөнүн мурасын чагылдырган тарыхый инсандардын 7 жаны портретин жаратат.

Азамат Жаналиев белгилегендей, көргөзмө искусство аркылуу ар улуттун жана маданиятын өкүлдөрүн бириктирип, эл аралык маданий пикир алмашуу алкагында долбоордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоор аяктагандан кийин коллекция тынчтык, кызматташтык жана маданий биримдиктин символу катары Бириккен Улуттар Уюмуна өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий