• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Орус романстарынын эл аралык күнү" — кыргызстандыктар Кремлдин сахнасында ырдашты

Маданият 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Москванын Кремль ордосунда "Романсиада жылдыздары" айлампасынын алкагында "Орус романсынын эл аралык күнү" аттуу концерт болду. Анда эң алдыңкы, белгилүү романс аткаруучуларды жана дебютанттар да чогулган.

Көрүүчүлөрдүн алдында Кыргызстан, Россия, Болгария, Казакстан, Италия, Түндүк Македония, Иран, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Азербайжандын ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргызстандын атынан VII Орто Азия романсиадасынын жеңүүчүлөрү – Улуттук опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев жана Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Субан Үмөтбек уулу катышты. Ата мекендик аткаруучуларды Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти Дмитрий Дмитриенконун жетекчилиги астында «Россия» ансамбли коштоду.

Кеченин ардактуу коногу Бишкектеги Орус үйүнүн маданий долбоорлорунун куратору, "Среднеазиатская романсиада" сынагынын жетекчиси Игорь Воронцов болду.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын декабрында Элгиз Бейшенбаев Москвадагы XXVII Романсиаданын экинчи байгесинин лауреаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий