• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканда кезектеги "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышып, Нарын жана Ысык-Көл облустарында дагы эки дарыкана иштей баштаганын белгиледи.

Жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу 100 "Эл Аман" мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда.

Бул Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 20-мамлекеттик дарыкана жана учурда республика боюнча жалпысынан 95 дарыкана иштеп жатат.

Маалымат үчүн: "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.

Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер "Эл Аман" дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат.

Аймактар ​​боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек – 20; Чүй облусу – 9; Ысык-Көл облусу – 7; Талас облусу – 5; Нарын облусу – 4; Ош шаары – 10; Ош облусу – 15; Жалал-Абад облусу – 18; Баткен облусу – 7.

Пикир

Оставить комментарий