Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкектин Камчатская көчөсүндөгү жолдун капиталдык курулушу аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Камчатская көчөсүнүн Тираспольская көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 1 030 погон метр аралыкта жаңы асфальт төшөлүп, жер иштери жүргүзүлүп, бордюрлар жана түтүктөр орнотулган. Жолдун туурасы 6 метрди түзөт.
Пикир
Оставить комментарий