• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте дем алыш күндөрү “Таза аба” рейди өттү

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. 11-февралда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “Таза аба” рейди өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Арча-Бешик жаңы конушунда жеке мончолор текшерилип, тургундар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, катуу отундун сапаты жана мештердеги фильтрлердин бар экендиги каралып, тыюу салынган заттардын күйүп кетишине жол бербөө жөнүндө билдирүү тапшырылды.

Иш-чара жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын "Таза аба" буйругунун алкагында өтүүдө. Жыл сайын, жума сайын, кыш-күз мезгилинде инспекторлор ЖМК өкүлдөрү, эко активисттери менен биргеликте Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча коммерциялык уюмдардын жана жашоочулардын арасында профилактикалык рейддерди өткөрүшөт.

Иш-чаранын максаты - айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык аң-сезимдин жана жарандык жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий