• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте Digital Kyrgyzstan форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. 2025-жылдын 27-февралында Бишкектеги Sheraton мейманканасында Digital Kyrgyzstan ПЛАС-форуму өтөт.

Салтка айлангандай иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын көңүлүн буруп, анда Кыргызстандын заманбап санариптик коому, AI, e-GOV, банкингдерди трансформациялоо, финтех, киберкоопсуздук, крипто индустрия, электрондук соода көйгөйлөрү талкууланмакчы.

Быйыл өткөн ПЛАС-форумга мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган президенттин админитрациясынын өкүлдөрү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Visa, MBANK, "Айыл Банк", Ozon, Wildberries, Glovo, Умай Групп, Куликов, Lalafo, Binance компанияларынын өкүлдөрү жана башка катышкан.

Мындан тышкары, форумга Кытай, Чехия, Пакистан, Англия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Дания, Ирландия, Испания, Казакстан, Кипр, Кыргызстан, Латвия, Литва, Малайзия, Монголия, Нидерланды, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Сербия, АКШ, Тажикстан, Тунис, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, жалпысынан 30дан ашык өлкөнүнүн өкүлдөрү катышкан.

Алдыдагы форумдун негизги темалары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • санариптик коом;
  • финтех;
  • төлөм бизнеси;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүү;
  • МСБ
  • маалыматтык коопсуздук;
  • биометрия;
  • e-Commerce жана офлайн ритейл;
  • ислам каржылоосу;
  • криптовалюта. Blockchain;
  • Web 3.0., ИИ, ChatGPT;
  • BNPL.

"Digital Kyrgyzstan» 2024 эл аралык ПЛАС-форум кандай өткөнү тууралуу:

ПЛАС-форум – бул:

  • иштиктүү программа;
  • эл аралык алдыңкы эксперттер менен маектешүү;
  • ийгиликтүү долбоорлор;
  • натыйжалуу нетворкинг;
  • жөн гана окуя эмес, бул идеялар жана бизнес байланыштар үчүн аянтча

Бул уникалдуу иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүңүздү колуңуздан чыгарбаңыз. Азыр катталыңыз, биз менен келечекке бирге кадам таштаңыз.

Форум тууралуу толук маалымат төмөнкү шилтемеде: https://dk.plus-forum.com

Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форумунан жолугушканча!

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги форумдун эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий