• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорт көйгөйүн чечүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

Коом 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев коомдук транспортту жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди

Анын айтымында, акыркы эки жылдан бери Бишкек мэриясы коомдук транспортту жакшыртуу боюнча 3 чоң долбоордун үстүнөн иштеп жатат.

“Биринчиси – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоор. Анын алкагында газ менен жүргөн 250 көлөмдүү автобус сатып алынат. Мындан тышкары, ушул долбоорго ылайык, союз убагынан бери оңдоо-түзөөдөн өтпөгөн автобустарды оңдоп-түзөө жана жууп-тазалаган муниципалдык ишканабыз толук реконструкцияланат”, - деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, экинчиси долбоор – Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 120 электробус сатып алынат жана эки троллейбусттар кармалган жай оңдон-түзөөдөн өткөрүлөт.

Мындан тышкары, ушул эле долбоордун алкагында Киев көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Правда көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук трапспорт жүрүүчү көчө катары жол чырактары, жол белгилери жана башкалар толук реконструкцияланып, жаңы форматта иштейт. Бул эки чоң долбоор 2023-жылы ишке аша турган долбоорлор.

“Ал эми үчүнчүсү Бишкек шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинен автобус сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн долбоор. Бул долбоордун планына ылайык, бөлүнгөн каражатка көп орундуу 100 автобус сатып алуу каралган. Бирок, биз каражатты үнөмдөп, ушул эле каражатка 120 автобус алганы жатабыз. Автобустар жылдын аягына чейин келет”, - деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, жаңы автобустар келгенден тарта шаардын борбордук бөлүгүндө каттаган кичи автобустарды жаңы заманбап автобустар менен алмаштыруу пландалууда.

“Кичи автобустардын айдоочулары дагы жумушсуз калбайт. Анткени шаардагы 60ка жакын кичи автобустардын схемасы өзгөртүлүүдө. Жаңы схемалардын негизинде кичи автобустарды жаңы конуштарга жана мурда коомдук транспорт каттабаган шаардын бөлүктөрүнө киргизүү каралууда. Ошентип, мурдатан коомдук транспорт камтылбаган райондорду коомдук транспорт менен камсыздоону көздөп жатабыз”, - деди Нусувалиев.

Пикир

Оставить комментарий