• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бишкекте коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунда Суворов көчөсүндөгү Батыш Чоң Чүй каналынан Осмонкул көчөсүнө чейинки коллектордук жана дренаждык тармактар тазаланды.

Батыш Чоң Чүй каналынын түштүк тарабынан Осмонкул көчөсү менен Күрөңкеев көчөсүнө чейин жана Фере көчөсүндөгү дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери улантылууда.

Эске салсак, ачык жана жабык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери жылына эки жолу жүргүзүлөт. Негизги иштер Биринчи май жана Свердлов райондорунун конуштарында өткөрүлөт. Бул зонада табигый жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, каналдардын көбүн камыш басып, ылайлар пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий