• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айрым көчөлөр жабылат. Бишкекте дуатлон боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 17-апрелде Бишкекте муниципалитеттин колдоосу менен VISA DUATHLON Bishkek 2022 мелдештери өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, дуатлон боюнча мелдештер салттуу түрдө триатлон сезонун ачат.

Дуатлон триатлондун дисциплиналарынын бири болуп, спортчу токтобой басып өтүүгө тийиш болгон 3 этаптан турат. КРнын триатлон федерациясынын жеке жана командалык эстафеталык жарыштарда 12-15 жаштагы балдар үчүн Super Sprint дистанциясы жана профессионал спортчулар, чуркоону каалагандар үчүн Спринт дистанциясы боюнча мелдештерди өткөрөт.

Дистанция «Супер спринт» - 2 км чуркоо, 8 км веложарыш жана 1 чакырым чуркоо
"Спринт" дистанциясына төмөнкүлөр кирет: 5 чакырым чуркоо, 20 чакырым велосипед тебүү ошондой эле ага кошумчалай дагы 2,5 чакырым чуркоо.
Катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча медалдар үчүн ат салышат:
• U15 (12-15 жаштагы балдар)
• Жаштар
• Пара атлеттер
• Шоссе ышкыбоздору: «18-29», «30-39», «40-49», «50» жаш топторунда
• Вело сүйүүчүлөр - жалпы таблица
• Эстафета – 2 адамдан турган команда (жөө күлүк жана велосипедчи)

Жыйынтыктарды чыгаруунун алдында балдар арасында бекер жарыш өткөрүлөт, ага Триатлон федерациясы аркылуу кайрылууга болот.

Мелдештер шаардын түштүк тарабындагы Ынтымак паркында, Масалиев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Мелдешке 200-250 адам, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөн келген спортчулар да катышат.

Андан тышкары, мелдешке байланыштуу эки көчөнүн тилкелеринде жол кыймылы токтотулат. Мелдештин веложарыш этабына байланыштуу саат 07:10дөн 12:30га чейин Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы Ч.Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, ошондой эле Токтоналиев көчөсүнүн Безымяннаядан Масалиевге чейинки бөлүгү жабылат. Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабы чыгыш багыты боюнча гана унаа кыймылы үчүн ачык болот, батыш багытындагы унаа кыймылы үчүн Ахунбаев көчөсүн бойлой жабык тилкеден айланып өтүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий