• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргыз балбандары Афинада өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 26-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы 4-10-сентябрда Афинада өтө турган грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу маалымат жыйында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын машыктыруучусу Раатбек Мамбетов билдирди.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Таиландда өткөн Азия чемпионатына ийгиликтүү катышып, Бишкекке кайтып келишти. Анда спортчулар 11 медаль тагынышкан.

Азия чемпиону Нуртазин Керимберди уулунун айтымында, Таиландда өткөн чемпионат жогорку деңгээлде өткөн.

Кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз спортчусу 50 кг салмакта алтын медаль утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий