• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Рейд жүрүүдө. Кайгуул кызматы төлөнбөгөн айыптарды өз убагында төлөөгө чакырат

Коом 0


Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды төлөнбөгөн айып пулдарды өз убагында төлөөгө чакырат.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, учурда рейд жүрүүдө.

"Азыркы убакта баарыбызга белгилүү болгондой, айдоочу жол эрежесин бузуу учурунда кызматкерлер тарабынан айдоочулук күбөлүгү алынбастан, ордунан протокол түзүү менен гана чектелип калган. Андыктак айдоочулар, айдоочулук күбөлүгум алынган жок деген ой менен жазылган протоколдордун айып пулдарын төлөбөстөн, кайрадан кайталанып жол эрежелерин бузуу фактылары көбөйүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол себептен кайгуулчулар тарабынан 11нен 25-апрелге чейин төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар айдоочуларга карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, укук бузуулар кодексинин 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, аныкталган автоунаалар убактылуу айып короо жайына токтотулууда.

Кайгуул кызматы андыктан жасаган укук бузууларга карата түзүлгөн протоколдордун айып пулдарын өз убагында төлөө менен бирге жол эрежесин кайталап бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий