Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин спорт комплексинде өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- кыздар арасында — 48, 52, 57 63, 70, 78, +78 кг;
- балдар арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.
Пикир
Оставить комментарий