Бишкек, 20.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 871 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Анын ичинен:
-Мас абалында унаа башкаруу – 33;
-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;
-Документтери жок унаа башкаруу – 30;
-Ар кандай эреже бузуулар – 802. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган.
Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий