• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ташуучу канал жок кылынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизатты мыйзамсыз айлантуунун кезектеги фактысы аныкталып, бир нече адамдан турган топ кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын март айынын башында кызматкерлер баңгизатты ташуу жана сатууга шектүү адамды кармашкан.

Анын унаасын текшерүүдө Казакстандын жараны болгон жүргүнчүгө тиешелүү 115 грамм гашиш табылып, алынган. Такталган маалыматтар боюнча, 49 жаштагы жаран Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ташуу менен алектенген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында тергөө-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө баңгизат сатуу учурунда шериги 31 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу кармалган.

КР Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат сатуу) боюнча сотко чейнки өндүрүш жүрүүдө. Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган кылмышка катыштыгы бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-изилдөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий