• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте эл акыны Эсенгул Ибраевди эскерүү жумалыгы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Эл аралык Кувейт университетинде белгилүү акын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эсенгул Ибраевди эскерүү, чыгармачылык мурасын окуп үйрөнүү жумалыгы салтанаттуу түрдө аяктады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Жумалыктын жыйынтыкталышына Кыргызстандын жана Кувейттин көрүнүктүү окумуштуулары, чыгармачыл ишмерлер жана жазуучунун өмүрлүк жары, акындын ысымындагы Фондунун жетекчиси Саткын Абдрахманова дагы катышышты.

"Биздин оюбузча эл акындын чыгармачылыгы Кыргызстанда дагы, Кувейтте дагы терең изилдениши керек. Биз өз ишмердигибиз менен элдерди жакындаштырып, кызматташууну чыңдоого, студенттерди окутуу менен чектелбей, кыргыз маданиятын араб дүйнөсүнө тааныштырууга тийишпиз. Бул багыттагы алгачкы кадамыбыз катары Эсенгул Ибраевдин “Бийчи көпөлөктөр” балдар китебин араб тилине котордук. Университеттин калыптанышына жакшы салым кошкон акындын чыгармачылыгын изилдөөгө кошкон жупуну салымыбыз ушул", - деп баса белгиледи араб тили кафедрасынын профессору Елабдо Али Мохамад Халаф.

Эскерүү жумалыгын алкагында акын өмүрүнүн акыркы жылдары иштеген университетте Поэзия күндөрү, жазуучуга арналган ырлардын, жазуучунун ырларын көркөм окуу конкурстары өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыкты акындын өмүрлүк жубайы Саткын Абдрахманова тапшырды. Андан тышкары, Эл аралык Кувейт университетинин алдыңкы студенттерине Эсенгул Ибраевдин ысымындагы стипендияларды ыйгарды.

Мындан тышкары, эскерүү жумалыгынын алкагында Эсенгул Ибраевдин музейинин күндөрү өткөрүлдү. Ошол күндөрү студенттер менен окуучулар белгилүү акындын, сатириктин, журналисттин жана котормочунун университетте жайгашкан музейине келишип, чыгармачылыгы жана өмүр жолу менен жакындан таанышышты.

"Журналистика кафедрасын түзүүгө ажана калыптандырууга кошкон салымын эске алып, Эсенгул Ибраевдин ысымы кафедрага ыйгарылган. Ал эми Эсенгулду эскерүү жумалыгы студенттер менен окуучуларды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого багытталып, өлкө Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга кошкон биздин чакан салымыбыз",- дейт МКУнун ректору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев.

Эскерүү жумалыгын жыйынтыктап жатып, ЭКУ менен КУУнун филология факультетинин ортосунда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде Эсенгул Ибраевдин чыгармачылыгын изилдөө жургузүү, биргелешип илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тренингдерди, симпозиумдарды өткөрүү, маалымат алмашуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий