• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте алгачкы жолу “Театр тирүү” акциясынын алкагында акысыз оюндар көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры 25-мартта саат 10:50дөн 24:00гө чейин “Театралдык жекшембини” белгилөөгө бардык каалоочуларды чакырышат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Алгачкы жолу республикада күн бою түн жарымына чейин театрда акысыз оюндар көрсөтүлөт. Акция “Театр тирүү!” чакырыгынын алдында өтөт.

Акысыз спектаклдер, экскурсиялар, мастер-класстар, эстрада жылдыздарынын катышуусундагы таңкы жана кечки шоу-концерттер, квесттер, интерактивдик оюндар, поэзия кечелери, тематикалык фотозоналар өтүп, мыкты сүрөттөр чакыруу билеттери жана баалуу белектер менен сыйланышат.

“Театрдын фойесинде күн бою тематикалык фотозоналар коюлуп, анда ар бир каалоочу өзүн театр жана кинонун актеру катары сезе алат. Эң мыкты сүрөттөр сыйлыктарга ээ болот”, -деп белгилешти театрдан.

Бул акция 27-мартта белгиленүүчү эл аралык театр күнүнө арналган.

Пикир

Оставить комментарий