• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

20-июлда Бишкекте “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер Форуму” ачылат

Маданият 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Эртең, 20-июлда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен уюштурулган “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер Форуму” ачылат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эл аралык форум 21-23-июлда өз ишин Чолпон-Ата шаарында улантат.

Форумда Евразиянын кеңири аймагында жашаган Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Форумдун ишине 100дөн ашуун чет элдик жана кыргызстандык алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катышат.

Бишкекте Форумдун расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын башчысы Рустем Хамитов, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов жана Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынын Төрагасы Александр Жирков чыгып сүйлөйт деп болжолдонууда.

Эл аралык форумдун алкагында 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунда «Алтай көчү» экспозициясынын расмий ачылышы күтүлүүдө. Борбордо 30 боз үй тигилип, Алтай тектүү элдеринин (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур.ж.б.) турмуш-тиричилигин, улуттук көчмөн салттарын чагылдырган жандуу музей жайгаштырылмакчы. Экспозиция каалоочулар үчүн 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Чолпон-Ата шаарында форумдун иши секцияларда өтөт. Окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн акыркы жыйынтыктарын кеңири талкууга коет. Ошондой эле «Алтай цивилизациясы: өткөнү, азыркысы, келечеги» тегерек стол өткөрүлөт.

Эл аралык форум декларация кабыл алуу менен аяктайт.

Форумдун катышуучуларына ошону менен катар атайын маданий программа каралган.

Пикир

Оставить комментарий