• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Минскте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Күн мурун, 12-декабрда Минск шаарындагы Беларустун Улуттук китепканасында кыргыз жана советтик улуу жазуучу, коомдук ишмер жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чарага дипломатиялык корпустун, коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле мектеп жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, дүйнөлүк маданият менен адабияттагы орду тууралуу айтып берди. Ал айрыкча кыргыз элинин чыгаан уулунун чыгармаларында дүйнөнүн төрт бурчунан бир эмес бир нече муун окурмандар өсүп, анын гуманисттик идеялары бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатканын белгиледи.

Иш-чаранын ачылышында Беларусь жазуучулар союзунун төрагасы Александр Карлюкевич да сөз сүйлөдү.

Фотокөргөзмөнүн ачылышынын алкагында иш-чаранын конокторуна Чыңгыз Айтматовдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде тартылган А.Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий