• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-казак өнөр адамдары ортосунда "Сармерден" айтышы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта, Бишкекке Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дауешов өнөр адамдары ортосундагы өтүп жаткан "Сармерден" айтышына катышат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткан “Сармерден” оюну Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Бул долбоорду КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясы уюштуруп жатат.

Күн мурун, 23-августта, Кыргызстанга Казакстандын өнөр адамдары келишкен. Учурда даярдык иштери жүрүүдө.

"Сармерден" оюну 24-25-күндөрү өтүп, анда кыргыз кыздары менен казак жигиттери, ошондой эле казак кыздары менен кыргыз жигиттеринин таймашуусу күтүлүүдө.

Иш-чара кечки саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий