• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар маданий иш-чаралар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата “Кыргыз Шырдагы”, “Оймо” жана “Манас” фестивалдары салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, “Манас” фестивалы манасчы, акын Тоголок Молдо атыккан Байымбет Абрахмановдун 160 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Ири маданий иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, кол өнөрчүлөрдөн тарта искусство өкүлдөрү, көркөм өнөр ээлери, манасчылар, жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдарды салтанатуу ачуу театралдаштырылган оюн-зоок, ыр-бий жана “Манас” эпосу менен коштолду.

Кыргыз улуттук маданий мурастарын жайылтуу, улуу өнөрлөрдү улап дүйнөгө таанытуу максатын көздөгөн маданий иш-чаранын алкагында “Манас” фестивалынын жыйынтыгы менен “Жаш манасчы” кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Пикир

Оставить комментарий