• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте энергетика ардагери Жамалбек Түлөбердиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Бишкекте “Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” Жамалбек Түлөбердиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Аны менен коштошуу иш-чарасына энергетика министри Доскул Бекмурзаев катышты.

Ал өз сөзүндө Жамалбек Түлөбердиевдин басып өткөн жолуна токтолуп, Аламүдүн ГЭСинин кыркасынын гидротехникалык цехинин улук устаттык кызматынан Мамлекеттик акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын (Кыргызгосэнергохолдинг) президентинин жолун басып өткөнүн айтты.

“Жамалбек Түлөбердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагы башат алып, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган.

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштар башталган”, - деди министр.

Доскул Бекмурзаев белгилегендей Жамалбек Түлөбердиев Нарын дарыясынын суу ресурстарынын гидроэнергетикалык пайдалануусунун долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, Токтогул ГЭСинин кыркасынын курулушуна өз салымын кошкон.

“Ардактуу энергетик Жамалбек Тулебердиевдин бул дүйнөдөн көзү өтсө да, эл үчүн жасаган эмгеги, энергетиканын түптөлүшүнө кошкон салымы жана өнүгүүсүнө арнаган жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Энергетикага сиңирген эбегейсиз эрдиги, жасап кеткен жумуштары бүгүнкү күндө миңдеген кесип ээлерине үлгү”, - деп белгиледи Доскул Бекмурзаев.

Жамалбек Түлөбердиев Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Эмгек Кызыл Туусу эки ордени, “Элдер достугу” ордени, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты, “Кыргыз ССРнин эмгеги сиңген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” наамдары ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий