Бишкекте ЭТТК киргизүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды

Экономика 0


Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Бишкектеги "Кабар" агенттигинде "электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар: көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, ишкерлердин укугун коргоодо бизнес-ассоциациялардын ролу" аталышында пресс-сессия өттү.

КР Салык консультанттары палатасы башкармалыгынын төрайымы Татьяна Ким билдиргендей, жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматына көптөгөн суроо-талаптар келип түшкөн, аларга орган тез арада жооп берүүгө аракет кылууда жана көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Мисалы, Салык кызматы тарабынан отчеттуулукта көрсөтүлгөн товарларды текшерүү убактысы кыйла кыскарды. Ким ЭТТК иштеп баштаган биринчи айда ал бир айга жакын убакытты талап кылганын белгиледи.

Бирок салык палатасы башкармалыгынын өкүлү башка да көйгөйлөр бар экенин жашырбайт.

"Бизден товарларды өткөн дата менен каттоого мүмкүнбү деп сурашат, мындай болушу мүмкүн эмес. Ошондой эле кемчиликтердин арасында товарлардын позицияларынын ашыкча деталдаштырылышын белгилесе болот - бул ЭТТКны ишке ашыруу үчүн киргизилген. Ар бир продуктыга өзүнүн штрих-коду ыйгарылган. Товарлар бирдей болсо да, бирок, мисалы, өлчөмү боюнча айырмаланган күндө да, отчет үчүн маалыматтардын жана позициялардын көлөмү дагы эле көбөйөт. Бул кээ бир сатуучулардын иштеши мүмкүн эмес экенине алып келет", - деп кошумчалады Ким.

Татьяна Кимдин айтымында, азыркы учурда дээрлик чечилип калган дагы бир маселе - ЭТТК толтурулган күн да жеткирүү датасы болуп саналат деп белгиленген эреже. "Белгилей кетчү нерсе, ушул себептен улам көп бухгалтерлер отчетторду өз убагында тапшыруу үчүн түнкү нөөмөттө иштөөгө аргасыз болуп, жыл башында алардын массалык түрдө иштен кетүүсүн шарттаган", - деди ал.

Ким белгилегендей, белектик сертификаттар, ЭТТК тууралуу маалыматтарды оңдоо, интерфрейстеги көйгөйлөр дагы деле ачык бойдон калууда.

"Башкы көйгөйлөрдүн бири - ар бир системанын өзүнчө иштелип чыгышы жана ар бир программанын өзүнүн маалыматтары бар. Салык төлөөчү болсо бардык системаларда эсеп жүргүзүүсү керек, бул аутсорсингдик компаниялардын сатууга катышкан кардарларды тейлөөдөн баш тартуусуна алып келди.

Бирок чечилбеген маселе жок. Марттын башында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда ЭТТК боюнча айыптарды 2024-жылдын 1-январына жылдыруу чечими кабыл алынган. Азыр салык кызматы үчун да, салык төлөөчүлөр үчүн да бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Эми системаны оңдон-түзөөгө убакыт жетиштүү", - деди Ким.

Өз кезегинде МСКнын Товарларды байкоо механизмин жана контрольдук-кассалык машиналарды жайылтуу боюнча көзөмөл башкармалыгынын башчысы Азат Алманбетов экономика министрлигинин аянтчасында ЭТТКны колдонуунун техникалык бөлугүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. "Азыр өзгөртүүнүн нормативдик жана техникалык бөлүктөрү даярдалууда. Биз азыр айрым бизнес тармактары менен байланышып жатабыз, алар системаны жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунушун бере алышат", - деди ал.

Анын айтымында, жыл башында товарлардын каталогун киргизүү учурундагы толкундоолор акыркы учурда арыз бере баштаган ишкерлердин өздөрүнүн шалаакылыгынан улам болгон.

"Учурда продукциянын каталогуна 1 миллиондон ашык товар киргизилген. Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык системаларды интеграциялоо пландалууда. Ошондой эле, аймактардагы ишкерлерге инновациялар менен таанышуу үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлүүдө", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий