• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектисиндеги № 50 жана Москва көчөсүндөгү № 51 үйүнүн фасадын сырдоо иштери аяктады.. Имарат боз-көк боёк менен үч сыйра сырдалды.

Ошондой эле Ахунбаев көчөсү №117, №129, №131, Токтогул көчөсү №184 Абдрахманов көчөсү менен кесилишет, Байтик баатыр көчөсү №102, Токтогул көчөсү №170, Раззаков көчөсү №10, Чокморов көчөсү №154, Ахунбаев көчөсү №175а. КМТУ тарабы, Эркиндик бульвары №63, Логвиненко көчөсү №59, Жибек Жолу проспектиси №346, ошондой эле Финансы министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин административдик имараттары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын имараттарынын фасаддары жаңыртылды.

Мындан тышкары, "Илбирс" имаратынын фасады жаңыртылса, “VEFA” соода борборунун имаратынын фасадын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Чүй проспектисинин № 180 жана №194, Калык Акиев көчөсү №86, Дэн Сяопин проспектиси 14 даректериндеги имараттардын фасаддары оңдолду.

Ахунбаев көчөсүндөгү 134, 132, 130, 100, 128, 108, Байтик баатыр көчөсү 1/4, 5а, 4/1, 6 /5 (Народный супермаркет), 67 жана 3/2 даректериндеги 12 имараттын фасаддары жаңыртылды.

Фасаддарды жаңыртуу иштери улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий