Бишкекте Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган конференция өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Бишкекте алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган конференцияга өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, илимий иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутат Камила Талиева, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган жетекчилер, коомдук ишмерлер, агартуучулар жана студенттер катышты.

Жыйында төрага Нурланбек Шакиев алгачкы агартуучу-илимпоз, улуттук биринчи “Алиппенин” автору Ишеналы Арабаевдин жасаган эмгектерине токтолду. “Билим берүү тармагыбыздын пайдубалын түптөп, азыркы эгемен мамлекетибиздин кышын кынаган улуу инсандын өмүр жолу баарыбызга үлгү. Айрыкча, илим изилдөө жана агартуучулук жаатындагы жасаган иштери, кылган кызматы студенттер жана мугалимдер үчүн өрнөк. Арабаев өмүрүн арнаган билим берүү тармагы азыр да артыкчылыкка ээ”, - деди төрага.

Шакиев муну менен катар улуу агартуучунун атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик университетинде жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүшүп, бул жаатта министрлер кабинети менен бирге тийиштүү долбоорлор ишке ашырыларын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда төрага Нурланбек Шакиев И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдыңкы окутуучуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий