Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Бишкекте ишинде өзгөчөлөнгөн жол инспекторлору сыйланды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, 2024-жылдын ичинде аткарылган иштерге жыйынтык чыгарылып, сыйлык ээлерине коомдук коопсуздукту сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого кошкон зор салымдары үчүн башкармалыктын жана Ички иштер министрлигинин ардак грамоталары, дипломдору, мыкты кызматкер деген вымпелдер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлыктарды ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков ыйгарып, мындан ары да кызматтык ийгиликтерди жаратууларына тилектеш экендигин билдиришти.
Ошондой эле 23 жол инспекторуна министрликтин атынан эс алууга жолдомолор берилди.
Пикир
Оставить комментарий