• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте ишкер айымдардын IV эл аралык бизнес-форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 31.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бишкекте ишкер айымдардын IV эл аралык бизнес-форуму өтүүдө.

Иш-чара ишкер айымдарды колдоо, ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо жана алардын кызматташуусуна аянтча түзүп берүү максатында Кыргызстан Аялдар конгресси, Соода-өнөр жай палатасы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүу фондусунун колдоосунда уюштурулду.

Форумду Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева ачып, форум 2026-жылга чейинки аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын алкагында уюштурулуп жатканын белгиледи.

“Биз бүгүн мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте аялдар ишкердигин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу процесси, кандай иштер аткарылууда жана алдыда аткарыла турган иштер тууралуу пикир алышмакчыбыз. Кийинки маселе ишкер айымдар ортосунда окууларды өткөрүү, жеңилдетилген насыяларды, гранттарды алуу боюнча тажрыйба алмашуу болмокчу. Ошондой эле ишкер айымдар өздөрүнүн тажрыйбаларына таянып, ишкерликтин сырлары, бүгүнкү күндө ишкер айым кандай болушу керектиги тууралуу айтып беришет”, - деди Акбагышева.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев белгилегендей, бул форум тажрыйба алмашуу платформасы гана эмес, айымдарга дем-күч берип, колдоо көрсөтүүчү күчтүү инструмент.

“Акыркы изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстандагы ишкерлердин 40 пайызын айымдар түзөт. Учурда айымдарыбыз чакан, орто жана ири ишканаларды жетектешет. Алар биздин коомдун өнүгүшүнө абдан чоң салымын кошуп келет. Бирок, тилекке каршы айымдарыбыз көп кыйынчылыктарга да дуушар болушууда. Биздин коомдо аялдар үйдө отуруш керек, аялдарга жооптуу кызматтарды бербеш керек деген сыяктуу гендердик стереотиптер бар. Бирок, бүгүнкү күндө айымдарыбыз өздөрүнүн эмгеги, аракети менен үй-бүлөгө да, ишке да жетише тургандыктарын далилдеп келе жатышат”, - деди Темир Сариев.

Ошондой эле эл аралык бизнес-форумундун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлү ишкерликти баштоо, өнүктүрүү үчүн каржылык колдоо, жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат берди.

Аялдар бизнес-форумунун демилгечилери бул форум ишкер дүйнөнүн өнөктөштүгүн жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө дем берет деп ишенишет.

Эске салсак, форумга Россия, Беларусь, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Пакистан өлкөлөрүнүн ишкер айымдары катышууда. Форумдун алкагында кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсү да уюштурулган.

Форумдун жыйынтыгы боюнча ишкер аялдардын мындан аркы өз ара пайдалуу өнөктөштүгү үчүн экономиканын ар кайсы тармактарында кызматташуу жөнүндө резолюция кабыл алынары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий