• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көмүр кымбаттап жатат. Өлкөдө эң арзан көмүр кайда сатылууда?

Экономика 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 2021-жылдын 28-октябрына карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 5 306,7 сомго же 19,7 пайызга жогорулады.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 794,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 642,9 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербенде - тоннасы 4 076,4 сомго же 2 эсеге, Баткенде - тоннасы 2 886,3 сомго же 43,5 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга өсүшү белгиленди.

Белгилей кетсек, көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий