• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте ишкерди уурдап, унаа жана 25 миң доллар талап кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бищкек шаарында ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкендиги жөнүндө белгилүү болгон.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бизнесменди уурдагандардын изине түшүп, Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан.

Кийинчерээк аныкталгандай, алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, сабап, 25 000 АКШ долларын жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн.

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий