• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Сууда эки кичинекей кызга ыплас аракеттерди жасады делген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу шаарында 5-6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттерди жасады делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 3-апрелде Кара-Суу райондук милициясына кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу шаарынын 6 жаштагы А.А. аттуу тургунун үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендиги айтылат.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран беш жана алты жаштагы кыздарга автоунаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (“Ыплас аракеттер”) кылмыш иши козголуп, 4-апрелде шектүү катары 44 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий