Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Бишкекте 20-21-декабрда “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, форумдун алкагында көргөзмө, мастер-класс, илимий-практикалык конференция, съезд жана сыйлык тапшыруу аземи концерттик программанын коштоосунда өтөт.
Форумду өткөрүүнүн негизги максаты - кол өнөрчүлүктү дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана Дүйнөлүк кеңештин (World Craft Council I WCC International) статусун алуу болуп саналат. Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңеши Дүйнөлүк кеңештин 2012-жылдан баштап мүчөсү болуп келүүдө.
Белгилей кетсек, 19-декабрдан тарта Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун алкагында көргөзмө ачылып, ал саат 12:00дөн тартып иштей баштайт.
Пикир
Оставить комментарий