• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 10 адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта Бишкектин 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында электр калканынан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жерине 1 күжүрмөн эсеп тартылып, ыкчам түрдө куткаруучулар үйдүн үстүнкү кабаттарынан 10 кишини эвакуациялашкан. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Өрт саат 16:29да толук өчүрүлгөн. Мындан сырткары, жерине тез жардам жана РЭТ кызматы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий