Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Калаа башчысынын айтымында, учурда унаа токтотуучу жайлардын орундары аныкталып, инвестиция тартуу иш-чаралары жүрүп жатат.

Мэр белгилегендей, ошондой эле паркинг аянтын кыскартуу максатында жаңы ыкма колдонуу менен ротордук система орнотулат.

"Шаардын борбордук аймагында жеке автоунаалардын жүрүсүн чектөө, акы төлөнүүчү парковкалардын баасын көбөйтүү маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап жатабыз”,- деди Жунушалиев.

Мындан тышкары, Бишкек мэри автоунаалардын туура эмес токтотуу менен күрөшү боюнча маселе курч турат, аны жөнгө салуу максатында "Ураган" автоматтык системасы пилоттук режимде ишке киргизилгендинин билдирди.

"Бул система “Коопсуз шаар” аркылуу иштейт. Кошумча эвакуаторлар алынып, өз иштерин аткарууда. Ошону менен бирге акылдуу паркинг системасын киргизүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий