• 88.68
  • 95
  • 0.95

Былтыр Соцфондго жарандардан 117 миңден ашуун арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. КР Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып 117 миң 52 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 473 жазуу түрүндө, 228 электрондук арыздар, - деп билдирет Соцфонддун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясынан улам орун алган жагдайга карабастан 2020-жылдын 12 айында 975 жаранга оозеки кабыл алуу болду жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча түшүнүктөр берилди.

"Жүргүзүлгөн талдоо боюнча көбүнчө пенсияларындагы өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, пенсияларды индексациялоо тууралуу, пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу, пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө жана камсыздандыруу стаждарын, айлык акыларын тастыктоо тууралуу арыздар, даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

КРнын Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2020-жылдын 12 айында 9 миң 87 телефон чалуу, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 942 чалуулар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий